Корей жарым аралы - Азиянын чыгышында. Чыгышынан Жапон деңизи, түштүгүнөн Корей жана Чежу кысыктары, батышынан Сары деңиз менен чулганат. Жарым аралда КЭДРдин басымдуу бөлүгү жана Корей Республикасы жайгашкан. Узундугу 600 кмдей. Аянты 150 миң км2 чамасында. Тоолуу рельеф басымдуу; эң бийик жери 1915 м (Чирисан чокусу); батышы дөбөлүү түздүк. Чыгыш жээги тик, начар тилмеленген; батыш жана түштүк жээктери — кокту-колот, өрөөндүү. Климаты муссондук. Январдын орточо температурасы түндүгүндө —21°Сден, түштүгүндө 4°Сге чейин, июлдуку 22—26°С. Жылдык жаан-чачыны 900— 1500 мм. Дарыялардын суусу мол; ирилери: Амноккан (Ялуцзян), Тумантан (Тумыньцзян), Тэдонган, Кымган ж. б. Жазы жалбырактуу, түштүгүнө дайыма жашыл субтропик токойлору мүнөздүү. Улуттук парктары: Хангё, Чирисан, Сараксан ж. б. (Корей Республикасында); резерваттары: Хвангпо, Янгам ж. б. (КЭДРде). Түздүктөрүндө шалы, буурчак, гозо (пахта) өстүрүлөт. Вольфрам, гранит, магнезит кендери бар.

Корей жарым аралы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү