Корпорация (латынча corporatio – бирикме) – 1) бирикме, союз, коом; 2) кандайдыр бир жалпы максатка жетүү, биргелешкен ишмердикти жүзөгө ашыруу жана өз алдынча укук субьектин, юридикалык жакты түзүү үчүн биригишкен жактардын тобу. Корпорация жеке менчик, ошондой эле мамлекеттик да болушу мүмкүн Жеке менчик Корпорацияда акциялардын чоң бөлүгү бир ээлик кылуучуга, үй-бүлөгө же акционерлердин чакан тобуна таандык болот. Корпорация пайдага салык төлөйт; 3) өнүккөн өлкөлөрдө үлүштүк менчикти, юридикалык статусту жана жалданып иштөөчү адис башкаруучулардын (менеджерлердин) жогорку эшелонунун колуна башкаруу функциясын топтоону кароочу ишкердикти уюштуруунун кеңири тараган формасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү