Корпус (латынча corpus – дене, бир бүтүн) – түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин жалпы аскердик жогорку бирикмеси. Кызыл Армияда 1919-ж. атчан аскерлер, 1921-ж. аткычтар Корпусу түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде Кызыл Армияда аткычтар, атчандар, артиллериялык, абадесант, авиация, механикалашкан жана танк Корпустары болгон. Азыркы Корпустар, мисалы, АКШнын армиялык Корпусу штабдан, бөлүктөрдүн түрдүү кызмат топторунан, 2–4 жана андан да көп дивизиядан (анын 1-2си бронетанкалык) куралып, согуш убагында талаа армиясынын курамында да, өз алдынча да аракеттене алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү