Космополитизм (гр.— мекенсиз деген маанини билдирет) — өзүн жер жүзүнүн азаматымын же Ата журтсуз адаммын деп эсептеп, патриоттуулукка каршы туруп, аны тангандык. Ушундай идеяны туткан адамды космополит деп коёбуз. Андай адам өз улутун, Ата журтун танат, эли-нин сыймыгын түзгөн маданиятын четке кагат. Ошентип, космополитизм дүйнөлүк масштабда кездешкен өзүнчө бир идеялык агым, аны империалисттик өлкөлөрдүн бийлөөчүлөрү башка элдерди көз каранды кылып, баш ийдирип турууда пайдаланышат. Көркөм адабиятта да космополитизм идеясы кездешет. Анын негизги максаты өз улутунун маданий салттарын, кылымдар бою түзүлгөн көркөм табылгаларын тануу, төгүнгө чыгаруу болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү