Кочкор (айыл)
Кочкор — Кыргызстандын Нарын облусунун Кочкор районундагы айыл. Райондун жана Кочкор айыл аймагынын административдик борбору.
Кочкор | |
Өлкө | |
---|---|
Облус | |
If:Айыл округАйыл аймагы |
Кочкор айыл округу |
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Кочкор суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 55 км. Калкы 9,9 миң (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Төрт орто мектеп, китепкана, 3 бала бакча, кинотеатр, маданият үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт. 19-кылымдын 2-жарымында уйгур, өзбек соодагерлери негиздеген. Кийинчерээк орус дыйкандары көчүрүлүп келип, Столыпин деп аташкан. Үркүндө орустарды жергиликтүү кыргыздар сүрүп чыгарып, аты кайрадан Кара-Коо аталган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9