Көчүбаев Тойчу Тагаевич

Кочубаев Тойчу Тагаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Көчүбаев Тойчу Тагаевич (1922, Араван району, Чек-Абад кыштагы. — 1981, ошол эле жерде) — айыл чарба өндүрүш ишмери, Социялистик Эмгектин Баатыры (1966). Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиңирген устаты (1958). 1944-жылдан КПСС мүчөсү. Советтик Армияга кызмат өтөп келгенден кийин, 1946-жылдан «Кызыл-Толкун» колхозунда председателдин орун басары болуп иштеп, 1954-жылы А. А. Жданов атындагы колхоздун председателдигине шайланган. 1965-жылы колхоз боюнча 1200 га пахта аянтынын ар гектарынан 36 плен түшүм жыйнап алынган. Мамлекетке пахта сатуунун 7-беш жылдык планы 4708 гга ашык, эт сатуу 107%, сүт 106% жана жүн 100%ке аткарылган. 1947-жылдан «Жаны-Жол» колхозунун председатели, 1979-жылдан тоют топтоо боюнча колхоздор аралык бирикменин директору. 1966-74-ж. СССР Жогорку Советинин[1][2] жана 1963-67-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары түзөтүү

Ленин ордени, Социялистик Эмгектин Баатыры, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Эскертүүлөр түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.