Кошмо Штаттар Улуттук Медициналык Китепканасы

Кошмо Штаттар Улуттук Медициналык Китепканасы (УМК) (англ. United States National Library of Medicine) - Кошмо Штаттардын федералдык өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнгөн дүйнөдөгү эң чоң медициналык китепкана.

Ал Мэриленд штатындагы Безесда шаарындагы Улуттук Саламаттыкты сактоо Институтунда жайгашкан. Китепканада жети миллион китеп, журнал, техникалык доклад, жазмалар, кыска-метраждуу тасмалар, сүрөттөр жана ошондой эле дүйнөдөгү эң эски жана сейрек кездешүүчү медицина тууралуу сүрөттөр бар.

УМК учурдагы директору Патрисиа Флетли Бреннан болуп саналат.

Басылмалар жана маалымат булактары түзөтүү

1879-жылдан бери Улуттук Саламаттыкты сактоо Китепканасы Индекс Медикусту басып чыгарат. Бул беш миңге жакын тандалган журналдар боюнча жазылган көрсөтмө макала болуп саналат. Акыркы Индекс Медикус 2004-жылы, декабрь айында басылып чыккан. Бирок бул маалыматы PubMedде акысыз окууга болот. Анын ичинде он беш миллионго жакын MEDLINE журналындагы макала реферанстары жана 1960-жылдардагы абстрактылар жана 1950-жылдагы 1.5 миллиондогон реферанстар бар.

УМК ошондой эле Улуттук Биотехнологиялык Маалымат Борборун башкарат. Анын ичинде биотехнологиялык маалыматтар бар (анын ичинде PubMed бар) жана аларды Entrez издөө системасы аркылуу акысыз окууга болот.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү