Коёндор жапайы (лат. Leporidae) — коён сымалдар түркүмүнүн тукуму. Коёндордун 10 уруусу, 50дөй түрү бар: ак, чоң боз, манжур жана кадимки Коёндор жана башкалар Бардык Коёндордун алдынкы буту кыска, арткы буту узун, секирип чуркоого абдан ыңгайлуу. Кулагы узун, куйругу кыска, жүнү жумшак, коюу. Ак коён ири, дене узундугу 44-74 см, салмагы 3-4,8 кг, жайында күрөң же көгүш түстө, кышкысын аппак, кулактарынын учтары жайдыр-кыштыр кара. Тундра, токой жана токойталаалуу зоналарга таралган. Чоң боз коён ак коёндон чоңураак, салмагы 4-7 кгга жетет. Кышкысын бир аз көгүш болуп өзгөрөт, жону кара. Көбүнчө токой-талаалуу, ачык талаа жана кургак талааларды мекендейт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө таралган. Кадимки коён Борбордук Азия, Казакстан жана Байкалдын чыгыш жагындагы чөлдүү, жарым чөлдүү жерлерге таралган. Дене узундугу 38-53 см, салмагы 2-2,5 кг. Кыргызстанда бийик тоолуу өрөөндөрдө (Соң-Көл, Чатыр-Көл) бар. Манжур коёну кичине, салмагы 2 кгга жетет, буту, кулагы кыска, өңү саргыч көк. Ыраакы Чыгыштын жалбырактуу токойлорунда жашайт. Коёндор 45-51 күн көтөрүп, 2-12 бөжөк тууйт. Бир жайда 2-3 жолу төлдөйт. Териси жана эти үчүн аңчылык кылынат. Өзгөчө ак коён менен чоң боз коёндун кышкы териси баалуу; андан түлкү, суу күзөндүн терилерине окшош арзан, жылуу мехтер жасалат. Кар калың түшкөндө Коёндор бакка, токой өсүмдүктөрүнө чоң зыян келтириши мүмкүн. Бакма коёндун породалары жапайы коёндон келип чыккан. Бакма коён төлчүл келип, жыл бою төлдөйт, бир төлдөгөндө 18ге чейин бөжөк тууйт. Негизинен 1-1,5 жашында жетилет, 7-10 жыл жашайт. Негизги тоюту - көк чөп, тамыры тоют өсүмдүктөр, сабиз, капуста, жем жана башкалар. Андан эт, тери, тыбыт жана башкалар алынат.

Lepus californicus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү