Кремация (лат. crematio – өрттөө) – сөөктү көмүү каадасынын бир түрү. Байыркы мезгилден бери ар кайсы калктарга мүнөздүү болгон салт. Бүгүнкү күндө буддизм, индуизм динин туткан калктарда сакталып калган. Учурда маркумдун сөөгүн өрттөп көмүү үчүн атайын курулган крематорийлер (латынча crematorium – өрттөйм) айрым мамлекеттерде колдонулат. Биринчи крематорий 1876-жылы Миланда курулган. Россияда 1921-жылдан тартып колдонулат. Орто кылымдардагы кыргыздар жана аларга тектеш түрк калктары адам каза болгондо сөөгүн өрттөп көмүшкөн.
Жазма булактардагы маалыматтар боюнча түрктөрдүн төбөлдөрү 634–639-жылга чейин ушул салтты кармашып, кийин маркумду жылкы менен чогуу өрттөп көмүүгө өтүшкөн. Орто кылымдагы кыргыздардын сөөк көмүү салты 12-кылымга таандык Тахир Марвазинин эмгегинде да баяндалат: «Кыргыздар маркумду өрттөө жөрөлгөсүн тутушат. От аларды (маркумдарды) тазартат деп далилдешет. Алардын мындай жөрөлгөсү байыртадан эле болгон, качан алар мусулмандарга коңшулаш жашагандан тартып, маркумду (өрттөбөй) көмө башташты».

Индонезия

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”