Креолин (лат. creolinum - эт жана лат. oleum - май) - ветеринардык практикада залалсыздандыруу максатында, дары катары жана курт-кумурскага каршы кеңири пайдаланылуучу препарат.

Ала кара күрөң түстүү майланышкан суюктук. Ацетондо, эфирде, хлороформдо жакшы эрийт. Сууда сүт сыяктуу агыш-кызгылт, бозомук түстөгү эмульсияларды пайда кылат. Анын 3 - 5% эмульсиями малканаларды дезинфекциялоого, 2,3% түүсү ириңдүү жараларды, 0,5 - 1 % эмульсиясы жатынды чайкоого колдонулат. Ич көпмө жана ичеги-карындын жугуштуу ылаңдарына каршы бардык малга дары катары ичирилет. Таш көмүр тектүү фенолсуз Креолин малдын котуру менен күрөшүүдөгү негизги дары болуп эсептелет. Бул Креолиндин 2%түү суудагы эмульсиясы атайын ванналарга толтурулуп, кой эчкини, уйду жапырт дарылоого жана котурду алдын алууга колдонулат. Фенолсуз Креолин 65% таш көмүр майы, 24 - 25% канифоль, калганына суу кошулуп жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.