Кретинизм (фр. cretinisme, cretin – келесоо, кем акыл) – калкан сымал бездин функциясынын бузулушу, психика жана өсүүнүн токтолушу менен мүнөздөлгөн оору. Көбүнчө тоолуу жерде көп кездешет. Кретинизм сууда, тамак-ашта йоддун табигый аздыгынан (экзогендик) жа анын эндогендик жетишсиздигинен келип чыгат. Аны менен ооруган адамдын колу, буту, манжалары кыска, буттары ийри, алаканы жазы, башы тоголок, маңдайы жапыз, бети шишимик, мурду кайкы, кулагы узун, тили жазы, тиши майда, териси куба, кургак, калкан сымал бези чоңойгон, дене температурасы төмөн болот. Зат алмашуусу бузулуп, начар угат, жыныс мүчөлөрү жетилбейт, Дарылоодо калкан сымал бездин гормону колдонулат. Алдын алуу үчүн суу, тамак-ашка йод кошуу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү