Криминалистика (латынча criminalis–кылмышка тиешелүү) – сот далилдерин чогултуу, изилдөө жана баалоо боюнча атайын ыкмалар, методдор, каражаттар системасын иштеп чыгуучу илим. Бул ыкмалар, методдор уголовный сот иштерин жүргүзүүдө, кылмыштын бетин ачууда жана тергөөдө, уголовный, кээде жарандык иштерди кароодо колдонулат. Криминалистика кылмыш процессинин чегинде пайда болуп, 19-кылымдын аягында өз алдынча илимге айланган. Криминалистика илимине А. Бертильон, Е. Ф. Буринский (Россия), Р. А. Рейс (Швейцария), У. Гершель, Г. Фолдс, Ф. Гальтон, Э. Генри (бардыгы – Улуу Британия), Ч. Ломброзо, Э. Локар (Франция) ж. б. салымдарын кошкон. Алардын эмгектерине таянып, 1898-ж. Г. Гросс илимге «Криминалистика» терминин киргизген. Криминалистиканын маанилүү бөлүктөрү: Криминалистиканын жалпы теориясы, Криминалистика техникасы, Криминалистика тактикасы жана тергөө методикасы. Криминалистика техникасы далилдерди жыйноо, аныктоо, изилдөө боюнча атайын ыкмалар менен илимий-техникалык каражаттар системасын камтыйт. Криминалистиканын бул бөлүгүнө сот баллистикасы, сүрөт жана видео жазма, габитоскопия, фоноскопия, трасология, кол жазма изилдөө документтери, дактилоскопия, Криминалистикалык одорология ж. б. кирет. Криминалистикалык техника өзүнүн өнүгүүсүндө табигый жана техникалык илимдердин жетишкендиктерин, математикалык жана статистикалык методдорду, эсептөөчү аппаратураларды, газ хроматография методун үн жазуууну, кинфототехника жана спектроскопия ж. б. кеңири пайдаланат. Ушунун негизиңде кол жазманы аныктоо, портретти идетификациялоо методикасы калыптанып, трасологияда мүмкүн болгон бардык көчүрмөлөрдү алуу ж. б. ишке ашырылат. Криминалистика техникасы издөө жана тергөө иштери боюнча техникалык жабдуулар менен камсыз кылууну талап кылат. Криминалистикалык техмка каражаттарыша тергөө кызматкерлери, судьялар, эксперттер пайдалануучу аппаратуралар, жабдуулар, материалдар, тергөө чемоданы, атайыш контрукциядагы фотоаппарат, салыштыргыч микроскоп, электрон-оптикалык өзгөртүп түзүүчү аппарат, спектрограф, рентген аппараты ж. б. кирет. Криминалистика иш боюнча конкреттүү жагдайды эске алуу менен ар бир тергөө жана сот иштеринин, оперативдик издөө чараларынын мүмкүнчүлүгүн өтө натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү ыкмалардын системасын – Криминалистика тактикасы иштеп чыгат. Криминалистика тактикасынын ыкмалары тергөө иштерин жүргүзүүдө, тергөө экспериментинде, сурак жүргүзүүдө ж. б. учурларда кеңири колдонулат. Кылмыштын түрлөрүн (киши өлтүрүү, уурдоо, карактоо, тоноо, өрттөө ж. б.) изилдөөдө колдонулуучу ыкма, метод жана каражаттарднш жыйыңдысы Криминалистиканын өзгөчө бөлүмүн – конкреттүү кылмыш түрлөрүн изилдөө методикасын (жекече методиканы) түзөт. Бул методикага ылайык тергөө иштерин жүргүзүүнүн, оперативдик-издөө чараларын колдонуунун ырааттуулугу жана өзгөчөлүгү аныкталып, тергөөдө колдонуу үчүн Криминалистика техникасы менен тактикасынын ыкмалары жана каражаттары таңдалат. Криминалистика кылмышты болтурбоо чараларын да алдын ала иштеп чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү