Кроманьондуктар – азыркы турпаттагы соңку полеолиттик адамдардын (неоантроптордун) жалпылама аты. Франциядагы Кро-Маньон (Cro-Magnon) үңкүрүнүн атынан аталган. Дүйнөнүн бардык булуңбурчунан табылган сөөк калдыктары боюнча белгилүү. Эң алгачкылары 40 миң жыл мурда жашаган. Кроманьондуктар соңку полеолиттин ар кыл археологиялык маданияттарын түзүшкөн жана ошондой эле салттарды сактап келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү