Кромвелл агымыТынч океандын чыгышындагы экватордук каршы агым. Батышты карай багытталган Түштүк Пассат агымынын асты менен ага каршы (чыгышка) агат. Узундугу (Жаңы Гвинея тушунан Галапогос аралына чейин) 15 миң км, туурасы 300 кмдей. Кромвелл агымынын ылдамдыгы экватордо 140–170 см/секга чейин; агымдын өзөгү кээде экватордон 100 кмге чейин алыстап кетет. Океандын батышында 200 м, чыгышында 50 м тереңдикте, пассат шамалы басаңдаганда океан бети менен агат. Суусунун чыгымы 25 – 40 млн м3/сек. Америкалык океанолог – Т. Кромвеллдин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү