Кронштадт (1972-жылга чейин Кроншлот) – Россия Федерациясындагы шаар. Санкт-Петербургдагы Кронштадт районунун административдик борбору. Финн булуңунун Котлин а-нда жайгашкан. Санкт-Петербургдан 29 км аралыкта. Калкы 42,6 миң (2009). Деңиз порту. Паром менен Ломоносов шаары, автомобиль жолу аркылуу материк менен байланышат.

Кронштадт арал менен Санкт-Петербург.

Кронштадт чеп катары 1700–21-жылдары Петербургду деңиз жактан коргоо максатында Пётр Iнин буйругу менен курулган. Кронштадтда Россиядагы алгачкы деңиз астрономиялык (1857) жана компас (1864) обсерваториялары салынган. 18-кылымдын 20-жылдарынан Балтика флотунун негизги базасы болгон. Аскер-деңиз музейи, радиону ойлоп тапкан орус физиги А. С. Поповдун кабинет-музейи, архитектуралык эстеликтерден чеп (18-кылым), деңиз собору (1903–13-жылдар.) сакталган. Пётр Iге, адмирал С. О. Макаровго ж. б. эстеликтер тургузулган.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү