Ксенофобия (гр. хеnох - бѳлѳк, phobos - коркунуч) - бѳлѳктѳргѳ, чет жактыктарга, бейтааныштарга карата коркуу жана кастык сезими. Ксенофобия башка диндеги, маданияттагы, улуттагы кишилерге, чет жерликтерге, башка чөлкөмдүн өкүлдөрүнө карата жактырбоо, терсаяктык, душмандык кылуу формасында көрүнөт. Ксенофобия адатта бала кезден канга сиңген этноцентристтик түшүнүктөргө жана бѳлѳк расага тиешелүү нерселерге карата шектенүүлөргө, этнорасалык стереотиптерге жана башкаларга байланыштуу болот. Ксенофобиянын социалдык негизи жеке коопсуздук үчүн өзүмчүл коркунучту жараткан конкуренция, жетишпегендик, жашоодогу ишенимсиздик болуп саналат. Ошондон өзүн сактоого табигый умтулуу жаралат. Ошондой эле ксенофобия табигый психологиялык жаратылышка: бардык балекет, кырсыктар үчүн күнөөнү өзүнөн эмес, башкалардын арамзалыгынан көрүү адатка ээ. Этностук ксенофобия уруктун, уруунун, элдин, улуттун ѳз үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын, салттарын, тилин, маданиятын сактоого башкалардын таасиринен коргоого табигый умтулуу, коргонуучу жообу катары пайда болгон. Ксенофобия көпчүлүк учурда обочолонуп жашаган, ошондой эле кѳпкѳ чейин улуттук эзүүнүн, мажбурлоонун тигил же бул формаларын башынан ѳткѳргѳн этностор үчүн мүнөздүү экендиги байкалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү