Ксеркс (байыркы фарсыча Хшаяршан – «падышалардын баатыры») (болжол менен б. з. ч. 522–465) – перс падышасы (б. з. ч. 486–465). Ахемениддер династиясынан чыккан Дарий Iнин уулу. 486–484-жылдары египеттиктердин перс бийлигине каршы чыккан көтөрүлүшүн баскан. 482-ж. Месопотамиядагы вавилондуктардын көтөрүлүшүн талкалап, 481-ж. Вавилон падышалыгын перс сатрапиясына айланткан. 481-ж. жазында Ксеркс Грекияга каршы жортуулга чыккан. 480-ж. августта Түндүк Грекияда Фермопилдеги ири салгылашууда Афиныны басып алган, бирок бир ай өткөн соң, Саламин деңиз салгылашында бириккен грек флоту перстерди талкалаган. Ушундан кийин Ксеркс согушту андан ары улантуу үчүн кол башчысы Мардонийди армиясы менен Фессалияга калтырып, өзү армиянын бир бөлүгүн алып, Сардыга (Лидиянын борбору) кайткан. 479-ж. Платеи шаарына жакын жердеги чечүүчү салгылашта перс армиясы талкаланып, кол башчысынан ажыраган. Натыйжада грек-перс согуштары (б. з. ч. 500–449) гректердин жеңиши менен аяктаган. 465-ж. августта Ксеркс хан сарайында өлтүрүлгөн. Ксеркстин бийлиги учурунда Персеполь, Суз жана Экбатанда хан сарайлар салынган. Ксеркстин башкаруу мезгилинен байыркы перс, элам жана вавилон тилдеринде 20га жакын клинопистик жазуулар сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү