Куала-Лумпур (мал. Wilayah Persekutuan Kuala Lumpur, джави:كوالا لومڤور) – Малайзиянын борбору, шаар. Федерация аймагы статусуна ээ. Селангор штатынын административдик борбору. Малакка жарым аралынын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1 809 699 (2009; шаар агломерациясында 7,6 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорттору бар. Куала-Лумпурдун деңиз аванпорту Келанг (2007-ж. 133,5 млн т жүк ташылган). Өлкөнүн экономикалык, саясий, илимий жана маданий ири борбору. Кытай калай казуучулары тарабынан 1857-ж. негизделген. 19-кылымдын 80-жылдарында шаарга айланган. 1946–57-жылдары Англия ээлиги Малайя Союзунун (1948–57-жылдары Малайя Федерациясы), 1957–63-жылдары көз каранды эмес Малайя Федерациясынын, 1963-жылдан Малайзиянын борбору. 2001-ж. Куала-Лумпур «улуттук жана мыйзам чыгаруучу борбор» статусун алган. Металл иштетүү, жыгаччылык, тамакаш өнөр-жай ишканалары иштейт. Каучук иштетилет. Куала-Лумпур өлкөнүн информатикалык технологиясынын башкы борбору. Ири 40 авиакомпания (анын ичинде «Malaysia Airlines», туристтик маршруттарга адистештирилген) иштейт. Дүйнөдөгү эң бийик имарат Эгиз мунара же Петронас комплекси (бийиктиги 452 м, 88 кабат) ушул шаарда жайгашкан. Анда көпүрө (48-кабатта), телемунара (421 м; бийиктиги боюнча дүйнөдө 4-орунда), айланып жүрмө ресторан, обсерватория бар. Чаньцзясы кытай храмы, Масжид Жамек мечити (инди-моңгол стилинде), Шри-Махамариамман индуисттер храмы, Дайябуми комплекси (араб-византия стилинде), готика стилиндеги Ыйык Мария чиркөөсү, султан Абдул Самаддын ак сарайы (саат мунарасы менен, бийиктиги 30 м), Истана Негара (Малайзия королунун расмий резиденциясы), Чайнатаун, табигый парктар (анын ичинде орхидея, гибискус өстүрүлүп, көпөлөк, куштар жана эликтер мекендейт) сакталган. Куала-Лумпурдан түндүктө дүйнөдөгү эң ири Бату-Кейвс үңкүр храм комплекси (1891; бийиктиги 47 м скульптурасы менен) жайгашкан. Бул жерде жыл сайын «Тайпусам» (диний) фестивалы өткөрүлүп турат. Университеттер (анын ичинде эл аралык ислам), Илим изилдөө институттары, улуттук жана калк китепканалары, театрлар, музейлер (Мэйбанка нумизматика, каучук), сүрөт галереясы (кол өнөрчүлөрдүн эң баалуу буюмдары, калай идиштер) бар. Шаарда эл аралык ар кандай турнирлер, «Формула-1» авто жана моторлуу кайыктар жарышы өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

Куала-Лумпур
мал. Wilayah Persekutuan Kuala Lumpur
англ. Federal Territory of Kuala Lumpur
кыт. 吉隆坡联邦直辖区
желек
Туусу
герб
герби
Өлкө

Малайзия

Облус түрү

штат

Облус

Федералдык аймак

мэр

Ахмад Фесал Талиб

Тарыхы жана Географиясы
Аянты

243

Бийиктиктиги

21,95

Калкы
Калкынын саны

1 809 699 (2009)

Жыштыгы

7427,5 адам/км2

Агломерациясы

6 900 000

Этнохроним

куалалумпурлук, куалалумпурлуктар

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+8

Телефон коду

+60 3

Автоунаа коду

W

http://www.kualalumpur.gov.my/
Куала-Лумпур


Колдонулган адабияттар түзөтүү