Кубанычбек Иманалиевич Маликов (1911 - 1979) — акын, драматург.

Чыгаан эн мыкты кыргыз акын жана драматург Кубанычбек Маликов адабият майданына жыйырманчы жылдардын акырында келип кошулду. 1928-жылы анын "Жазгы талаа" деген ыры "Эркин Тоо" газетасына басылат. Буга удаа эле "Курбулардын арманы", "Күзгү талаа" аттуу ырлары жарык көрдү. Андан кийинки жарым жылга жакын өмүрүндө К. Маликов бирде кайгыртып, бирде жылмаюуга аргасыз кылган далай сонун чыгармаларды жаратты.

К. Маликов 1911-жылы Кант районуна караштуу Үч-Эмчек айлында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Маликти да, өз атасы Ыйманаалыны да жакырчылык жабыркатып, балалык чагы жетишпеген чөйрөдө өттү. Ыйманаалы көр оокаттын айынан кыргыз байларында да, орус кулактарында да малай болуп жүрдү. 1916-жылкы окуяга байланыштуу турмуштары аябай начарлап кеткендиктен, 1917-жылы эптеп күн көрүү үчүн шаарга жакын көчүп келишет. Бул бөлөк жазуучуларга караганда акындын эртерээк билим алышына шарт түздү. Ал кезде шаарда татар мектеби боло турган, 1926-жылы Кубанычбек ошол мектепке кирип, кийинчерээк Борбордук педагогикалык техникумунан окуусун улантып, аны бүтүрөт. Айыл турмушунун кээ бир маселелери боюнча кабар жаза баштаган учурда К. Маликов он үч гана жашта эле. Кабарчылык аны чоң адабиятка алып келди. Акындын өз сөзү менен айткандай "газета сөзгө шыдыр, жазууга жатык кылды".

Педагогикалык техникумду бүтүргөндөн кийин К. Маликов "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" газеталарында кабарчылыктан баштап, редакторго чейинки кызматтарды аткарды. Көп жылдар бою "Советтик Кыргызстан" журналынын редактору, Кыргыз Мамлекеттик драма театрынын директору, Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу секретары, төрагасынын орун басары болуп, Кыргызстан Эл Комиссарлар Советинин алдындагы искусство иштери боюнча комитетин башкарды.

Акындын биринчи жыйнагы "Кубанычбектин ырлары" деген ат менен 1933-жылы жарык көрөт. Отуз жылдан ашуун убакыттын ичинде К. Маликов алтымышка жакын китеп чыгарды. Сандаган очерктер, макалалар жазды. Пушкин, Толстой, Шевченко, Стальский, Горький, Маршактын ж.б. чыгармаларын которду. Ал - чоң драматург. "Жаңыл" (А. Куттубаев менен бирге), "Биз баягы эмеспиз" драмаларынын, "Манас", "Айчүрөк", "Токтогул" операларынын либреттолорунун биргелешкен автору. 30-жылдарда жазылган "Айылда", "Күлүйпа" аттуу пьесалары, кийинки "Жүрөк толкуйт", "Бийик жерде", "Осмонкул" аттуу драмалары көрүүчүлөргө белгилүү. "Бийик жерде" драмасынын кайрадан оңдолгон варианты Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду. Кубанычбек Маликов 1979-жылы дүйнөдөн кайтты.