Кубанычбек Таабалдиев (Кубан Абдымен), 1956-ж. Ысык-Көл облусуКаракол шаарында туулган. 1979-жылы Новосибирск шаарындагы Академгородокто мамлекеттик университетти физика кесиби бойунча аяктаган. 1979-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы политехникалык институтта илимий кызматкер болуп иштеген. 1985-87-жылдары аскер кызматын өтөгөн. 1987-89-жылдары мурдагы институтта илимий кызматкер болуп иштеген. 1989-1992-жылдары Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин аспиранты болуп окуган жана 1993-жылы МГУда аэродинамика багытында физика-математика илиминин кандидатыгына диссертация жактаган. 1990-1992-жылдары Москвадагы "Независимая газетасынын" Борбордук Азия жана Кыргызстан бойунча кабарчысы болуп иштеген. 1993-94-жылдары Бишкекте "Кутбилим" гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеп, саясый-коомдук темаларга арналган көптөгөн макалаларды жарыялаган. 1994-95-жылдары АКШда Иллинойс штатында Бредли университетинин коммуникация кесиптиги бойунча стажировкадан өткөн. 1995-96-жылдары Бишкектеги АКШ элчилигинин ЮСИА бөлүмүнүн коомдук иштер бойунча кеңешчиси болуп иштеген. 1996-98-жылдары Би-Би-Си радиосунун Дүйнөлүк кызматынын Борбордук Азия бөлүмүнүн продюссери болуп эмгектенген. Анлис жана орус тилдеринде бир топ макалаларды жарыялаган. 1998-2006-жылдары Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору болуп эмгектенген. 2006-07-жылдары АКШда Фулбрайт программасынын катышуучусу катары Монтана штатындагы Монтана университетинде Американын аймактык жана регионалдык массалык маалымат каражаттарынын абалы бойунча изилдөө жүргүзүп, бир нече эл аралык конференцияларда Кыргызстандагы абал жана ММКлары бойунча докладдарды жасаган. 2002-жылдан бери Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетинде журналистика бөлүмүнүн ага окутуучусу болуп эмгектенет. 2008-жылы "Zpress.kg" маалымат агенттигин негиздеп, анын жетекчиси болуп иштейт. 2010-жылдын аягында Кыргыз окмотунун Аппаратынын Маалымат болумунун жетекчиси болуп, 2011-жылдын февралына чейин эмгектенген. 2011-жылдын 11 февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору болуп экинчи жолу дайындалат. Биринчиси 1998-2006-жылдары болгон.