Кулиев Кайсын Шуваевич (1. 11. 1917, азыркы Кабарда-Балкария, Чегем району — 4. 6. 1985, Кабарда-Балкар АССРи, Чегем району, Жогорку Чегем кыштагы, Чегем I посёлкасы) — балкар совет акыны, Кабарда-Балкар эл акыны (1967). А. В. Луначарский атындагы ГИТИСте окуган (1935—39). «Таңга салам» деген туңгуч ыры 1937-жылы жарык көргөн. Ал согушка чейинки ырларында туулган жер табиятын жүрөгү менен сезген лирик экендигин көрсөткөн («Тоо суусунун шыңгыр ыры», «Жамгыр жаады жолдо баратсак» ж. б.). «Менин коңшуларым» аттуу лирикалык циклинде (1939—45; 1957-жылы жарыяланган) эмгекчилердин жаркын образдарын түзгөн. Согуш убагында совет элинин эрдиги жөнүндө бир нече ыр циклин, согуштан кийин балкар элинин өткөн тарыхына кайрылып, «Капчыгай ырлары» циклин (1947—51) жараткан. «Жаралуу таш» аттуу ыр жыйнагында (1964; РСФСРдин М. Горький атындагы мамлекеттик сыйлыгын, 1966) балкар элинин турмушу чагылдырылган. «Жер китеби» ыр жыйнагы үчүн 1974-жылы СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. К. Кулиев бир топ жыл Кыргызстанда жашаган. Көптөгөн ырлары, айрым китептери кыргыз тилинде жарык көргөн. Кыргыз жазуучуларынын (А. Осмонов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков ж. б.) чыгармаларын орус тилине которгон жана алардын чыгармачылыгы тууралуу макалалар да жазган. Кулиевдин чыгармалары дүйнө элдеринин көп тилдерине которулган. СССР Жогорку Советинин (5-шайланышынын) депутаты болгон. Лениндик сыйлыктын лауреаты (1990, өлгөндөн кийин). Ленин ордени менен сыйланган. Чыгармалары: Тынчтык күүсү. Ф., 1956; Аскадагы от. Ырлар. Ф., 1969; Собр. соч.: В 3 т. М., 1987.

Колдонулган адабияттар түзөтүү