Кожогелди Кулуев (Култегин) (Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүнүн Көгарт кыштагында 1960-жылы 18-февралда туулган) - акын, драматург, котормочу. Кыргыз Республикасынын эл акыны (2016). ТҮРКСОЙдун алтын медалынын ээси (2020).

Эмгек жолун 1977-жылы Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинатында (азыркы «Текстилчи» МАК) жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн, 1993-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун 2 жылдык жогорку адабий курсун бүтүргөн. «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда жаштар секциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратында референт, өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинде башкы редактордун 1-орунбасары болуп эмгектенген. Учурда «Азаттык» медиа институтунда иштейт.

Кожогелди Култегиндин алгачкы чыгармалары 1976-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланат. Поэзия дүйнөсүнө эртелеп аралашып, 1982-жылы «Ала Тоо поэзиясы» фестивалынын, 1986-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык III жумалыгынын лауреаты болгон. 1989-жылы Бүткүл союздук жаш акын-жазуучулардын Москвада өткөн V семинар-кеңешмесине катышып, ошол семинар-кеңешменин жолдомосу менен 1989-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Ага 1995-жылы «Дарбаза жолго ачылат» аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы «Бал ууртам» китеби үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган Жолон Мамытов атындагы сыйлык ыйгарылган.

«Түндүктү ким көтөрөт?» аттуу драмасы Ош кыргыз драма театрында коюлган. Кожогелди Култегин орус акындары Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Юрий Кузнецовдун, болгар акыны Любомир Левчевдин, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, казак акындары Мухтар Шахановдун, Мукагали Макатаевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

2004-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берилген.

Китептери түзөтүү

Жолчырак: Ырлар, поэма. – Б.: Кыргызстан, 1985. – 40б.
Шамалдагы үн: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1989. – 60б.
Дарбаза жолго ачылат: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1993. – 86б.
Бал ууртам: Ырлар, поэма, драма. – Б.: Бийиктик, 2002. – 304б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү