Кум – майда бүртүкчөлүү (бөлүкчөнүн диаметри 0,1 ммден 1–2 ммге чейин) борпоң чөкмө тоотек. Ал кварцтан, талаа шпаттарынын ж.б. минералдардын жана тоотектердин сыныктарынан турат. Арасында чопонун жана алевролиттин тоскоктору болот. Кум курулушта, айнек жасоодо пайдаланат.

Кум.
Кумдуу чөл (Дюна).

«Кумга» байланыштуу топонимдер Кыргызстанда өтө көп: Кумарык, Кумбел, Сейдекум, Кумдөбө, Кумтөр, Кумталаа, Кумчоку, Кумшоро ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү