Кума дарыясы — Түндүк Кавказдагы дарыя. Узундугу 802 км, алабынын аянты 33,5 миң км2. Аскалуу кырка тоосунан башталат; тоодон чыккандан кийин Каспий бою ойдуңунда Каспий деңизине жетпей салааларга бөлүнүп кетет. Негизги куймасы — Подкумок (оң). Суусунун орточо чыгымы ортонку агымында 10,9 м3/сек. Куманын суусу өтө киргилдиги менен айырмаланат. Сугатка пайдаланылат (Терек-Кума жана Кума-Маныч каналдары). Кумада Отказненский суу сактагычы бар. Боюнда Минеральные Воды, Зеленокумск, Будёновск шаары жайгашкан.

Кума дарыясы
Мүнөздөмө
Узундугу 802 км
бассейндин аянты 335 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 07010000312108200001471

Колдонулган адабияттар түзөтүү