"Кунг-фу панда 2" (англ. ) - продюссери DreamWorks Animation жана жайылтуучу Paramount Pictures компаниялары тарабынан тартылган , Дженифер Ю Нелсон режиссердук кылган америкалык 3D комедиялуу драма тасмасы. бул 2008-жылда тартылган Кунг-фу Панда тасмасынын уландысы...

Джек Блэк, Анжелина Жоли, Дастин Хоффман, Сет Роген, Люси Лю, Дэвид Крос, Джеймс Конг жана Джеки Чан баштапкы тасмадагы түп нуска ролдорун кайрадан ойногон.. Алар Гари Олдман, Рэйчел жана Дэнни МакБрайд менен биригип турат. Тасмада , Пo жана Каардуу Бештик, Кытайды басып алууну көздөгөн , күчтүү куралы бар тоос Лорд Шенге каршы согушат Бирок По тасманын жүрүшүндө анын өткөн жашоосу жөнүндө үрөй учурарлык сырды түшүнөт.

Тасма 26-май 2011-жылы Реал D 3D жана Digital 3D түрүндө кинотеатрларга чыккан. Кунг-фу панда 2 тасмасынын бюджети $ 150 млн жана тасма дуйнөдө $ 665 млн каражат топтогон Фильм жылдынмыкты анимациялуу көркөм тасмасы болгон жана 2011-жылдагы 84-Оскар сыйлыгында "Мыкты Анимациялуу Тасма " сыйлыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн.

"Кунг-фу Панда 3" болуп аталган тасманын уландысына , режиссерлукту Дженифер Ю Нелсон жана Алессандро Карлони кылган жана 2016-жылы 29-январда жарыкка чыккан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү