Жоогур[1] же бенек[2], кунжут (Sesamum indicum L.) — кунжуттар тукумуна кирүүчү бир жылдык өсүмдүк. Кунжут эң байыркы майлуу өсүмдүктөрдүн бири. Азияда, Африкада жана Европанын кээ бир аймактарында кездешет. Кытайда, Египетте, Индияда, Аравияда, Ява аралында жана Палестина өлкөсүндө кеңири таралган. Борбордук Азияда негизинен Өзбекстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айдалат. Кунжут — бийиктиги 120—150 см, тик өскөн өсүмдүк. Тамыры 1 м тереңдикке чейин сүңгүйт, мөмөсү — сүйрү чанак. Чанагында 70—80 майда жалпак уругу бар. Уругунда 47—63% май, 19—25% белок жана 46—49% олеин, 8—9% пальметин, 4—5% стеарин, 0,4—1% арахин кислоталары болот. Кунжуттун майы кондитер азыктарын жана маргарин жасоодо пайдаланылат. Кубанец 55, Краснодарец, Ташкент 122 деген сорттору бар. Кыргызстандын түштүк аймагында өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. "Диван Лугат Ат-Түрк" сөздүгүндө: "ياغ اغرو - йаг угур" бизче: "жоогур" болот. Йаг - жоо - май. Көз жоосун (майын) алган. Жоолук - майлык Угур - урук, баш, данча. Сөзмө-сөз "май чыкчу урук, данча" болот.
  2. Древнетюркский словарь / 1969