КуньминКытайдын түштүк-батышындагы шаар. Юньнань провинциясынын администрациялык борбору. Дяньчи көлүнүн жээгинде, бөксө тоонун этегинде, 1892 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2009; агломерациясында 2,5 млн). Эл аралык аэропорту (2-курулууда) бар. Жолдор тоому. темир жол менен Вьетнам, автомобиль жолу аркылуу Мьянма, Тайланд, Вьетнам, Лаос менен байланышат. Шаар 1-кылымда пайда болгон. Пагода (Чыгыш, Батыш), будда храмдары (1301), мечит ж. б. сакталган. КЭР Илимдер академиясынын Куньмин бөлүмү, 300дөн ашык Илим изилдөө институттары (анын ичинде ботаника, биология, зоология ж. б.), университеттер, китепканалар, музейлер ж. б. бар. Металлургия (так өлчөөчү аспаптар), машина куруу (станок, электртех.), химиялык, текстиль, тамак-аш, целлюлоза-кагаз ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Ботан. бак, парк, зоопарк уюштурулган. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү