Кура дарыясы

Закавказьедеги дарыя

Кура дарыясыЗакавказьедеги дарыя. Узундугу 1364 км, алабынын аянты 188 миң км2. Түркиядан башталып, Грузия, Азербайжандын аймактары аркылуу агат. Каспий деңизине куярда аянты 100 км2 болгон дельтаны пайда кылат. Башатынан Тбилиси шаарына чейин кууш капчыгайлар, айрым бөлүктөрүндө тоо аралык чуңкурдуктар, төмөн жагында бийик жайгашкан түздүктөр аркылуу агат; Кура-Аракс ойдуңунда Куранын жээктерине тосмолор курулган. Негизги куймасы — Аракс (оң). орточо чыгымы 575 м3/сек. Жылына 21 млн тоннага чейин шиленди агызып келет. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. Сугатка пайдаланылат. Суусунун жарымына жакыны канал аркылуу Аракска берилет. Дельтасында балык (севрюга, белуга, осётр, судак ж. б.) кармалат. Курада Земо-Авчаль, Мингечаур ж. б. ГЭСтер жана суу сактагычтар курулган; боюнда Гори, Тбилиси, Рустави, Мингечаур ж. б. шаарлар жайгашкан.

Кура.

Колдонулган адабияттар түзөтүү