Курт Фогель Рассел (англ. Kurt Russell; 1951-жылы 17-мартта туулган) — америкалык актер. Ал актердук жолун "Жейме Макфитерздин саякаты" (англ. The Travels of Jaimie McPheeters, 1963–64) аттуу вестерн тасмасында ойноодон баштаган. 1960-жылдардын аягында актер Уолт Дисней компаниясы менен он жылдык келишимге кол койгон. Роберт Осборндун пикиринде К. Рассел Уолт Дисней компаниясынын 1970-жылдардагы эң атактуу жылдызы болгон.

Рассел "Алтын глобус" сыйлыгынын "Көркөм фильм жанрындагы экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына "Силквуд" (англ. Silkwood, 1983) тасмасындагы ролу үчүн талапкер болгон. 1980-жылдарда режиссер Жон Карпентердин бир нече тасмаларында терс каармандын ролун ойногон. Жылан Плискиндин ролун "Нү-Йорктон качуу" (англ. Escape from New York, 1981), жана анын уландысы "Лос Анжелестен качуу" (англ. Escape from L.A., 1996) тасмаларында ойногон. "Бир нерсе" (англ. The Thing, 1982) фантастикалык коркунучтуу тасмасында тик учактын башкарган Ар Жей Макридинин, "Кичинекей Кытайдагы чоң ызы-чуу" (англ. Big Trouble in Little China, 1986) көркөм тасмасынде айдоочу Жек Бертондун ролдору азыркыга чейин көрүүчүлөрдүн эсинде калып, ал тасмалар мыкты тасмалардын катарын толуктап турат. К. Рассел Жон Карпентер тарткан "Элвис" (англ. Elvis, 1979) теле тасмасы үчүн "Эмми" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

К. Рассел "Аркада" (англ. Overboard, 1987) көркөм тасмасында, "Томстоун" (англ. Tombstone, 1993) вестерн тасмасында, "Жылдыздуу дарбаза (англ. Stargate, 1994) илимий-фантастикалык тасмасынде, "Өлүм далили" (англ. Death Proof, 2007) тасмасында, "Жексур сегиз" (англ. The Hateful Eight, 2015) вестерн тасмасынде жана "Галактика көзөмөлчүлөрү 2" (англ. Guardians of the Galaxy Vol. 2, 2017) тасмаларында роль жараткан. Ал 2015-жылдан баштап "Форсаж 7" (англ. Furious 7) жана "Форсаж 8" (англ. The Fate of the Furious) тасмаларында ойноп баштаган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү