Курут — негизинен жай айларында кыргыздын салттуу тамак-ашы сүзмөдөн жасалган сүт азыгы, туздалып, кайнатылып же кайнатылбай, кээде эжигей же тыбыт (чөбөгө) кошулуп, кургатылып даярдалган тамак.

Курут

Курутту жасоо технологиясы, аны тамак-ашка пайдалануу жана ыкмалары түрк тилдүү элдерде (кыргыз, казак, тува, хакас жана башкалар) жалпысынан бирдей. Айранды чүпүрөк баштыкка куюп сары суусунан бөлүп алып сүзмө даярдалат. Сүзмөдөн эки колдун ортосунда тоголоктолуп, форма берилип, курут жасалат. Ал атайын жасалган середе, чийде, тактайда кургатылат. Кыш менен жазда сууга эзилген курут суусундук жана катык катары пайдаланылат.

Азыркы убакта курут чакан өндүрүш цехтеринде өндүрүлүп, ар кандай татымдар (калемпир, тыбыт, кургатылган өрүк, кызылча) кошулуп, кардарларга сунушталууда[1].

Булактар түзөтүү

  1. Milk- and cereal-based Kyrgyz ethnic foods