Кутикула (лат. cuticula — кабык) — жаныбарда эпителий тканынын үстүнөн каптап турган клеткасыз тыгыз түзүлүш. Омурткасыз жандыкта бир катмарлуу каптагыч эпителий — гиподермадан пайда болот да, негизинен коргонуу жана таяныч кызматын аткарат. Муунак буттууларда катып калып, өсүү мезгилинде түлөп түшөт. Кутикуланын курамына минерал заттар, белоктор, хитин жана суу өткөрбөгөн липиддер кирет. Кабырчыктар, чачтар, кылдар, калкандар Кутикуладан келип чыккан. Кутикулада ферменттердин болушу кээ бир ички органдардын ишине жардам берет. Өсүмдүк кутикуласы — жер үстүндөгү бөлүгүнүн бардыгын (жалбырак, бутак, жемишин ж. б.) каптап турган май сымал катмар — кутин. Ал өсүмдүккө зыян келтире турган сырткы таасирден сактайт. Кутин эпидермис клеткалары менен синтезделип сыртка чыгат. Кутикула менен кутиндин комплекси целлюлозага кирип, пектин, кутин, мом ж. б. менен бирдикте катмарлуу түзүлүштү пайда кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү