"Кызгылт түстүү пантера" (англ. The Pink Panther) – сериялардын онунчу чыгарылышын белгилеген "Кызгылт түстүү пантера" үчилтигин башынан баштаган ,2006-жылы жарыкка чыккан Американын күлкүлүү окуялуу тасмасы. Тасмада инспектор Жак Клузо белгилүү бир футбол тренеринин өлтүрүүсүн жана "Кызгылт түстүү пантера" брилиантынын уурдо маселесин чечүүгө дайындалган. Тасмада тартылган актерлор: Стив Мартин (Клузо), ошондой эле Кевин Клайн, Жан Рено, Эмили Мортимер, Рожер Рис, Кристин Ченовет жана Бейонсе кош-жылдыздары.

Тасма бүткүл дүйнө боюнча 158, 9 миллион доллар чогулткан. 2006-жылдын 10-февралында "Кызгылт түстүү пантера" тасманын сахналык версиясы чыккан, ошол эле жылдын 13-июнунда DVD жана Blu-ray версиялары чыккан. Тасманын уландысы 2009-жылдын 6-февралында экрандарга чыккан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Тасманын кабыл алынышы түзөтүү

Rotten Tomatoes сайтында тасма 139 киши берген баа жана орточо (4,1/10) рейтинги боюнча тасманын жактыруу рейтинги 22 пайызга барабар болгон. Сайттын бир пикирдүулүгүндө мындай деп жазылган: "Стив Мартиндин оюнуна карабастан Жак Клузого таандык мүнөзү жаңыртууга алынган тасмада көмүскөдө калган". Metacritic сайтында тасма 35 сынчылардын пикири негизинде 38/100 баага бааланган, бул "жалпысынан жагымсыз баа берүүлөр" болуп эсептелет.

Тасма 2006-жылы Razzies сыйлыгынын эки номинациясынын талапкери болгон, биринчиси: "Эң ийгиликсиз римейк" жана экинчиси: "Эң ийгиликсиз жардамчы актриса" (Кристин Ченовет).

Шилтемелер түзөтүү