"Кызматчы аялдын окуясы" (англ. The Handmaid's Tale) — канадалык жазуучу Маргарет Этвуддун 1985-жылы жарык көргөн дистопиялык романы. Жаңы Англиянын жакын келечегиндеги, тоталитардык, АКШ бийлигин кулаткан христиан теономиясындагы окуяларды чагылдырган роман кыз-келиндерге үстөмдүк кылуу жана алардын индивидуализм менен көз карандысыздыкка жетүү үчүн колдонгон ыкмалары темаларына токтолот. Романдын аталышы Жеффри Чосердин бири-бирине байланышкан серияларды камтыган "Кентбери жомоктору" чыгармасынын кайсы бир бөлүктөрүн кайталайт ("Соодагердин окуясы", "Парсондун окуясы", ж.б.).

"Кызматчы аялдын окуясы" 1985-жылы Генерал-губернатордун сыйлыгы менен 1987-жылы биринчи Артур C. Кларк сыйлыгына татыктуу болгон; Ошондой эле ал 1986-жылы "Небула", 1986-жылы "Букер" жана 1987-жылы "Прометей" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Китеп тасмага (1990), операга (2000), киносериалга (2017) жана башка медиа түрлөрүнө ылайыкташтырылган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү