Кызыл алма (лат. Malus sieversii (Ledeb.) M. Roem.), (hissarica S. Kudr., kirghisorum Al. Theod. et Fed., jusepczuki Vass.) - Бийиктиги 3-5 м ге чейин жеткен, чакан мажаралуу дарак. Бутагынын кабыгы кызыл-күрөң, же боз, катмарланган. Жалбырактары калың же ичке, тыгыз, узундугу 10 см ге чейин. Гүлдөрү 2-5 сандагы топ гүлдө, ачык-кызгылтым, диаметри 5,5-6,0 см. Мөмөсү (алмасы) 2-3-төн, шар сымал же жалпайган шар сымал, диаметри 3-7 см, жашыл же саргыч, көпчүлүк учурда кочкул кызыл капталдуу, кычкылыраак-таттуу, кургагыраак даамдуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Апрелдин аягынан майдын башына чейин гүлдөйт, июлң-сентябрда мөмөлөйт. Уругу жана тамыр көчөттөрү аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Ортоазия тоолору (Кыргызстан, Түштүк Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан), Түндүк Ооганстан, Синдзяң жана Тарбагатай тоо кыркасы. Кыргызстанда - Кыргыз (түндүк беттери), Талас (батыш бөлүгү), Суусамыртоо (түштүк беттери), Кабактоо , Чаткал, Узунакмат, Атойнок, Фергана тоо кыркалары, Чаткал, Кичи жана Чоңкемин сууларынын бассейни ; Алайдын түндүк-чыгыш жагындагы Турук капчыгайы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Түнт токойлор алкагында, капчыгайлардын ойдуңунда жана беттеринде, деңиз деңгээлинен 1200-дөн 2400 м ге чейинки бийиктиктерде.

Саны түзөтүү

Дарактары жалгыздан жана анча көп эмес топ-топ болуп, Кыргызстандын бардык территорияларындагы ареалында өсөт. Республиканын токой чарбачылыгынын карамагындагы алма токойлорунун негизги дарагы Кызыл алма болуп саналып, 2000 жылы алар 16,7 миң га аянтты ээлеген.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Адамдын чарбалык аракеттери жана жайыттарды ченемсиз пайдаланып мал жайюуу. Кээбир өскөн жерлерде дарактары отунга кыйылып, мезгил-мезгили менен зыянкеч курт-кумурскалардан жабыркайт.

Өстүрүү түзөтүү

Орто Азияда жана мурдагы СССРдин өлкөлөрүндө кеңири өстүрүлөт (түндүктө Москва жана Калининградка чейин ), Кыргызстанда кээде жергиликтүү калк өзүнүн чакан үй алдындагы аянттарда өстүрөт. Кыргыз Республикасынын УИАнын Ботаникалык багында 1953 жылдан бери өстүрүлөт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

1994 жылы IUCN RLTS-га киргизилген , 1981 жылы Казакстандын Кызыл китебине киргизилген . Бир нече аймактар Батыш Тяншандын коргоого алынган территорияларына таандык келет (Кыргызстанда – Падыша-Ата, Сары-Челек жана Беш-Арал коруктарында жана Дашман, Узунакмат, Ийрисуу ж.б. заказниктеринде).

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Негизги кездешкен ареалында иликтөө жүргүзүп, дарактарын кыйып-жоготсо, ЖКЭБтин коругу алдындагы түр катары штрафтын өлчөмүн көбөйтүү керек.

Статусу түзөтүү

Категориясы LC. Кыргызстандын флорасынан Эл аралык Кызыл китепке киргизилген жападан жалгыз түр (IUCN RLTS, категориясы VU B1+2c).

Колдонулган адабияттар түзөтүү