Кызыл аткулак (Шавель конский), (лат. Rumex acetosa, L. 1753) - эки жылдык чөп. Бакчаларда, арыктын бойлорунда, бак ичинде жер тандабай өсөт.

Кызыл аткулак.
Кызыл аткулак.

Гүлү тикенектүү, кабырчыктап жарып чыгат. Уругу тоголок, кара.

Элдик медицинада мурдатан эле тамыры менен уругун дары катары пайдаланып келген. Подагра жана чыйканга, ириндүү жараларга, кант диабетине, бөйрөктүн ташын түшүрүүгө, сары ооруга, өнөкөт гастритке жана көк жөтөлгө пайдаланылат. Тамырын гүлдөп турганда казып алып, көлөкөдө кургатып, майдалап, 0,5 л сууга бир аш кашык кошуп, 10-15 мүнөт кайнатып, муздай электе бир аш кашык бал кошуп аралаштырып, бир түн тундуруп коюп анан сүзөт, ага 300 г жалбыздын тунмасын (мята перечная), 30 г алманын ачык суусу кошулат. Муну ашказан, кызыл өңгөч, ичеги жараларын айыктыруу үчүн күнүгө тамактанаардан жарым саат мурда 30 гдан 3 маал үч ай, 0,5 кг балга 100 г аралаштырып, күнүгө бир чай кашыктан 3 жолу бөйрөк, простатит, боор, өт, көк боор, табарсык, ашказан бези ооруганда бир ай жылуу суу менен ичилет. Ооздогу чыккан жагымсыз жытты жоготот.

Аткулактын даны турган чанакты ошол бойдон кургатып, жанчат. Анын бир аш кашыгын 0,5 л аракка кошуп, 3 күн караңгы жерге коюп ачытат. Сүзүп, фарфор идишке куюп, оозун бекем бекитип, салкын жерде сактайт.

Бул тунма менен жатынга суук тийгенде тампон кылып колдонуп, боюна бүтпөгөн (төрөбөгөн) аялдарды дарыласа болот. Күн сайын бир аш кашыгына бир аз суу кошуп 3 маал 10 күн үзгүлтүксүз ичилет. Жатындын кан жүрүүчү түтүкчөлөрүнүн жолдорун ачып, энелик бездердин иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9