Кызыл гвардия — Октябрь революциясынын негизги сокку уруучу күчү, жумушчулардын куралдуу отряды. 1917-ж. мартта большевиктердин жетекчилиги менен түзүлгөн. Октябрь революциясы жеңип чыккандан кийин Кызыл гвардия бийликти жеңип алуу куралынан Совет республикасын коргоо жана бекемдөө куралына айланган. Түркстан АССР ЭКСтин 1917-ж. 24-ноябрда кабыл алган токтомунун негизинде Түркстан крайынын шаарларында жана уезддеринде Кызыл гвардия отряддарын уюштуруу башталган. 1917-ж. 31-декабрда Бишкек шаарында Кызыл гвардия отряды уюшулуп, ага 200дөй адам мүчө болгон. Ошондой эле Кызыл-Кыя, Токмок, Каракол шаарында уюшулган. 1918-жылдын орто ченинде Түркстан аймагында 11 миңден ашуун Кызыл гвардиячылар болгон. Элдин оор абалын көрүпбилип туруп, ашык эгинин мамлекетке өткөрбөш үчүн жерге көмгөн, тамак-аштын баасын асмандаткан кулактардын ашык эгинин алып, кедейлерге таратып берүү чаралары көрүлгөн. Кыргында Кызыл гвардиячылардын чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында миңдеген пуд эгин даярдалып, дыйкандарга үрөн үчүн берилген. Бара-бара Кызыл гвардиянын коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттери милиция органдарына өткөзүлүп, Кызыл гвардия толугу менен Кызыл Армияга кошулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү