Кызыл карагай (лат. Larix) – карагайлар тукумундагы ийне жалбырактуу дарак уруусу. Бийиктиги 50 м, диаметри 175 см дей. Ийне жалбырагы жумшак, кышкысын күбүлүп түшөт. Жаш өркүндөрүндө бирден, бутактарында боочо болуп жайгашат. Гүлү бир жыныстуу тобурчак, эрте жазда жалбырагы менен тең ачылат. Уругу канатчалуу. Европа жана Азияда 20 түрү өсөт. КМШда жапайы 11 түрү бар. Кыргызстанда парк, көчөдө өстүрүлөт. Эң маанилүү түрү: Сибирь, даур, европа, Сукачев К. к-ры. Шагы сейрек конус сымал. Күнөстүү, чопо, бор, борпоң топурактуу, нымдуу жерде жакшы өсөт. 15-25 жылдык дарагы мөмөлөйт. 300-500 жыл өсөт. Жыгачы машина жана кеме курууда, суу астындагы курулушка, кагаз, целлюлоза, спирт жасоодо жана башка колдонулат. Кабыгынан кездеме боёгуч, өңдөгүч заттар, жалбырагынан эфир майы алынат.

Larix decidua.

Колдонулган адабияттар түзөтүү