Кылыч — 1. жоокерчиликте душманды кыя чабуучу жана саюучу курал. Болоттон төш жары узундукта, бир жагы өтө курч, экинчи жагы жалкындуу, учу учтуу, сабы колго токтомдуу жасалат. Белге асынчу узун кынга салынат; 2. өрмөк согууда керектелчү аспаптардын бири. Ал катуу жыгачтан кылыч түрүндө бир жагы жука миздүү, сырт жагы жоон элиден калың, сабы кармаганга ылайык жумуру, үч жагы ичке же жука жасалат.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү