Кыргыз-Кытай чек ара маселеси

Кыргыз-Кытай чек ара маселеси (18-к.) – Жуңгар хандыгы жоюлгандан кийин кыргыздардын мурунку чек араларын калыбына келтирүү аракетинин бири.

Кыргызстан-Кытай.

Кыргыздардын чыгыш чек арасын калыбына келтирүү үчүн жасаган мындай аракети 1748–49-ж. башталып, Кашкардын алдында бир нече жолу калмактарга сокку урулган. Жазма маалыматтарда кашкарлык Ахмет бийдин Доржу зайсандын 10 миң колу жана кыргыздардын өз алдынча Егба (Ягба) нойондун колун талкалаганы тууралуу айтылат. Кыргыз санжырасында Эсенкул баатыр жанына Шапакты алып, азыраак кол менен Иленин башынан калмактын 300 кишисин кырганы жөнүндө маалымат калган. Мындай абалда Жуңгариядагы ич-ара чыр-чатактар күчөп, анын кесепетин өзүнө туура пайдаланган Цин империясы 1755-ж. кыска мөөнөттүн ичинде басып алган жана экспанциялык саясатын улантып, Чыгыш Түркстанга тереңдеп кире баштаган. Натыйжада Кытай кыргыздардын эң жакын коңшуларынын бирине айланып, Кыргыз-Кытай чек ара маселеси чыккан. Ошол эле учурда Чыгыш Түркстанда Цин империясынын басып алуучулук саясатына каршы күчтүү кыймыл башталып, генерал Чжао Хойдун жашыруун билдирүүсү боюнча «Яркендде (Жаркент) Ходзи-Чжандын (Ходжа Яхья [Кожо Жахан]) кол алдына 5 миңден ашык ойрот, бурут (кыргыз), илелик уйгурлардан турган атчандар жана көптөгөн жөө аскер жыйналган». Мындай абалдан чочуган цин өкмөтү 1758-ж. жазга карай Кашкарга каршы жүрүш даярдап, биринчи кезекте түндүктөгү кошунасы – Маматкул бий башында турган кыргыздар менен официалдуу мамиле түзүүгө киришкен. 1758-ж. жайында армиясында аскер кызматын (шивэй) өтөгөн Толуньтай, Урдень баштаган элчилер Ысык-Көлдөн чыгып, Жумгал, Талас, Тогуз-Тородо болуп, кыргыз бийлери м-н жолуккан. Жолугушууда негизинен чек ара маселеси каралып, Черикчи бий кыргыздардын атынан мурунку конуштарын кайрып берүүнү өтүнгөн. Элчилер болсо, «мурун силер ойроттон качып, Анжиянга кеттиңер, азыр Нарын, Жумгал, Таласта жүрөсүңөр. Азыр биздин жеңилбес армия жуңгарларды багындырып, Кеген–Каркыра, Ысык-Көлгө чек ара бекеттерин орнотууга кам көрүп жатат. Эгер конушуңар тарыса, өз билгениңерди жасап, көрүнгөн жерге көчө бербей, ырайым сурап, Улуу императорго кайрылууга» чакырган. Ошону менен Кытайга кыргыздын 8 элчиси барган. Алар; Черикчи Темир уулу, Түлкү Айт уулу, Нышаа Кудайменде уулу, Шербек Жакшыбай уулу, Бореке Акбай уулу, Айдар-бектин иниси Ноци ж-а Шүкүрлөр болгон (калган бир элчинин аты азырынча тактала элек). Кыргыз элчилери Кетмен-Төбө – Тогуз-Тородон 1758-ж. 9-июлда чыгып, октябрь, ноябрь айларында Пекинде болушкан ж-а 1759-ж. 4-мартта Баркөлдөн аттанып, элине кайтып кетишкен. Император жана башка мамлекеттик чиновниктерге жолуккан элчилер бул жерде да чек ара маселесин көтөрүп, Илеге чейинки жерлер, анын ичинде Ысык-Көл илгертен бери өз конушу болгонун белгилешкен. Элчилер кайткандан кийин император Иле дарыясынын жээгиндеги жайыт, конуштары начар жерлерди караштырып, «балким» кыргыздарга берсе боло тургандыгын эскертип, Иле провинциясынын башчысына кат жөнөткөн. Жазма маалыматта 1761-ж. Иле тарапта кыргыздардын беш уруусу, анын ичинде. Черикчи башында турган 1000 түтүн сарыбагыш, ошондой эле уруу башчысы эскертилбеген саяктар (алар да 1000 түтүн) турганы көрсөтүлөт. Бул маалыматтарга кайрылган Н. Аристов бул эки уруу калмактар келгенге чейин эле Кеген–Каркыра, Темуртуда (Иленин сол жээгиндеги Темирлик суусу болушу мүмкүн) турган жана калмактын кысымы менен Анжиянга качып, алар Кытайдан жеңилгенден кийин кайра ошол эле конуштарын ээлеп калышкан деген жыйынтык чыгарган. И. Андреев дагы Иле дарыясы кыргыз-казак (к. Кыргыз-казак чек ара маселеси) сыяктуу эле кыргыз-кытай чек арасы болуп саналганын белгилеген. Кытайда болуп кайткан кыргыз элчилеринин маалыматы жана башка чалгындоо, билдирүү, көрсөтмөлөрдүн негизинде 1763–70-ж. Цин өкмөтү тарабынан «Батыш жерлердин баяны» («Сиюй Чжи») деген эмгек жарык көргөн. Ал боюнча ошол кездеги кыргыз-кытай чек арасы Кашкардан 110 ли (1 ли = 576 м.) түндүк-чыгыштагы Аэргуй, түндүктө 20 ли Илиньмухэкэцин, батышында 100 ли Юйсыту Аэртуш жана башка бекеттер менен чектелген. Ал эми XVIII кылымдын аягына тиешелүү «Циньдин шинжаң шилюенин» («Жогортон бекитилген Шинжаңдын географиялык жана тарыхый баяны») «буруттар» деген бөлүмүндө солто уруусу Кашкар шаарынын батышындагы «Упалат» аскер бекетине жакын жерлерде көчүп-конуп жүрсө, «саяк уруусу чекир саяктар менен бирге Тушукташ кароолунан ары көчүп-конуп, казактардын жерине чейин жеткен» жана «сарыбагыш уруулары кээде бугу» деп аталып, алар «Иленин түштүк-батышындагы чек арадагы аскер бекети Эргоджулдун сырты, Тэмурту нор Ысык-Көл көлүнүн түштүк жээгинде турушкан». Мындан кийин чек ара маселеси Кыргызстандын Россияга каратылышынан кийин Россия менен Кытайдын ортосунда жүргөн (Петербург келишими).

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кузнецов В.С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. – Новосибирск, 1983;
  • Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б. 1995;
  • Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001;
  • Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003, Т. 2.