Кырсыктар теориясы (грек. katastrophe – бурулуш, төңкөрүш, талкалануу) – жердин геологиялык тарыхын узакка созулган тынч абал жана мындай тынч абалдардын кыска мөөнөттүн ичинде планетанын түспөлүн кескин өзгөртүп жиберүүчү кырсыктар алмашып туруусу катары караган антиэволюциялык илим 19-кылымдын 1-жарымында пайда болгон. Аны жактоочулардын (Ж. Кювье, Л. Агассис, А. Сэжвик ж. б.) ою боюнча, көптөн бери тынч жаткан жердин катмарлары кокус-тан болгон, өзгөчө күчтүү, кырсыктар кубулуштардын натыйжасында катуу кыймылга келип, жаңы тоо, деңиздер пайда болот, дүйнө жүзүндөгү жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр бүт кырылат да, ээн калган жерге мурункулар менен байланышпаган организмдин жаңы түрлөрү жаралып турат.

1918 жылдын поезд кырсыгы


Кайрадан кырсыктар болмоюнча алар анчейин өзгөрүүгө учурушпайт. Мындай кырсыктар жердин геологиялык тарыхында 27 жолу болгон деп эсептешкен. Илимдин өнүгүшү менен кырсыктыр теориясынын жалган экендиги аныкталды. Бирок кырсыктар теориясы өз убагында биостратификациянын, ошондой эле организмдердин эволюциялык жана секирмелүү өөрчүп-өнүгүшү жөнүндөгү окуунун калыптанышына оң таасирин тийгизген.





Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8