Крым татарлары

Кырым татарлары‎»‎ барагынан багытталды)

Крым татарлары — түрк тилдүү элдин аталышы. Крым жарым аралынын түпкү, жергиликтүү калкы. Түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында батыш хунну тобунун кыпчак-половец бутагында сүйлөшөт. Акыркы маалыматтар боюнча бул элдин жалпы саны 500 миң чамалуу. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде сталиндик репрессияга дуушар болушкан. Калктын дээрлиги Өзбекстан, Казакстан, Урал тарапка зордоп (депортация) көчүрүлгөн. Кырым татарлары этностук бир жалпылыкты түзүшкөн эмес. Жарым аралдын деңиз жээк аймактарын байырлагандар «кырым татарлары» деп аталат. Түздүктөгү жашаган калк, өзгөчө Керч (Кериш бет) жарым аралындагылар өздөрүн «ногай», «ногайцы» же 13-к. чингизид Ногой нойондун урпактары экендигин белгилешет. Кырымдын чөл тарабындагылар, көчмөн жана жарым көчмөн шартта жашагандары «кыпчак» (кыпшак) деген ат менен белгилүү. Тоолуу аймактарды мекендегендер тат же таттар (татлар) деп аталышат. Жарым аралдын түпкү калкы өздөрүн «татар» деп аташкан эмес. «Татар» же «крым татарлары» сырттан берилген, таңууланган ат, экзоэтноним. 17-к. акындар өздөрүн «кыпчак» элинин өкүлдөрү деп жазышканы маалым. Бүгүнкү күнү да улуу муундун өкүлдөрү элдин «кыпчак», «ногой», «кырым түрктөрү», «кырымдыктар» деп аташкандыгын эскеришет. Тарыхый маалыматтар «кырым татарлары» деген энчилүү аттын Кырым хандыгы доор сүргөн мезгилинде калыптангандыгын чагылдырат. Бул субэтностук топтордун диалектилеринен орто кырым татар адабий тили калыптана баштаган. Деңиз боюнда жашаган калкта огуз тилинин тийгизген таасири чоң. Ал эми жарым аралдын калган бөлүгүндө кыпчактар негизги ролду ээлешкен. Бүгүнкү кырым татар тили коомдук функцияны толук канааттандырат.

Б.з. 4-кылымдын экинчи жарымынан баштап жарым аралга түрк тилдүү этностор биринин артынан бири отурукташа баштаган. Алар гунндар, түрктөр, болгарлар, хазарлар, печенегдер (9-11-к.), кыпчактар (11-13-к.). 13-к. Алтын Ордонун курамына кирет. Мамлекеттин калкынын негизин кыпчак тилдүү уруулар түзгөн. 1443-ж. Кырым хандыгы негизделип, 1477-1778-ж Осмон империясына вассалдык көз каранды абалда болгон. 16-кылымдын экинчи жарымында Кырым хандыгына союздаш болгон ногойлор жарым аралдын түндүгүндө отурукташкан.
1778-ж. орустар басып алгандан соң, жарым аралга славян, грек, еврей, кавказ улутундагылар көчүп келе баштаган. 1921-ж. Крым Автономиялуу республикасы негизделип, 1944-ж. жоюлган. Депортацияга кабылган кырым татарлары учурда өз тарыхый мекенине көчүп барышууда. Кырым татар жана кыргыздардын этностук-маданий алакаларын уруу-урук, жер-суу, эн тамга аталыштарындагы, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндөгү жалпылыктар чагылдыра алат. Кырым татарларынын курамында «бүйүк кыргыз» (чоң кыргыз), «кичиг кыргыз» (кичүү кыргыз) аттуу уруулар бар. «Кыргыз», «казак-кыргыз» эн тамгалары жөнүндө таанымал аалым А.Акчокраклы өз мезгилинде жазгандыгы белгилүү. Маалыматтар бул аймакта «кыргыз» топонимдери да кездешерин баяндайт. Илимде кыргыздардын этностук жүзүнүн, тилинин калыптанышында ногой-кыпчак (ногайлы) доорунун ролу жөнүндө иликтөөлөр белгилүү.

Булактар түзөтүү