""Күз уламыштары" (англ. Legends of the Fall, орус. Легенды осени) - Америкада 1994-жылы жарык көргөн эпикалык драма. Режиссёру Эдвард Цвик. Тасмада Брэд Питт, Энтони Хопкинс, Эйдан Куинн, Жулиа Ормонд жана Генри Томас тартылышкан. Кинотасма Жим Хэррисондун ушул эле аталыштагы 1979-жылы жазган новелласына негизделип экрандаштырылган. Фильмде XX кылымдын башында Монтананын ээн талаасында жана чөлүндө жашаган үч бир тууган менен атасынын окуясы, алардын жашоосуна табият, тарых, согуш жана сүйүүнүн кандай таасири тийгизгени тууралуу баяндалат. Тасмадагы убакыт түрмөгү Биринчи дүйнөлүк согуштан башталып, "Тыюу салынган доор" аркылуу өтүп 1963-жылда тартылган кыскача сахна менен аяктайт. Тасма Оскар сыйлыгына үч категория боюнча көрсөтүлүп, "Эң мыкты оператордук иш" номинациясын жеңип алган (Жон Толл). Тасмада да, китепте да корн элинин тилиндеги айрым түшүнүктөр орун алат жана Лудлоудун корн эмигрант үй-бүлөсүнөн чыкканын айтылат.

Сыйлыктары

Тасма Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты оператордук иш" (Жон Толл), "Мыкты сүрөтчү-коюучу" (Лилли Килверт, Дорре Купер) жана "Мыкты музыка" (Пол Мэссей, Дэвид Э. Кэмпбелл, Крис Дэвид жана Дуглас Гантон) номинациялары боюнча көрсөтүлүп, "Эң мыкты оператордук иш" категориясында жеңишке жетишкен. Ошондой эле, тасма Алтын глобустун "Эң мыкты тасма — драма", "Эң мыкты эркек актёр — драма" (Брэд Питт), "Эң мыкты режиссёр" (Эдвард Цвик) жана "Эң мыкты музыка" (Жэймс Хорнер) номинацияларына көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү