Күкүрт кислотасы, Н2SО4 — күч-түү эки негиздүү к-та. Суусуз К. к. 10,4°С кристаллдаша турган түссүз май сыяктуу суюктук. К. к. сууда эригенде өтө көп сандагы жылуулук бөлүп чыгуу менен гидрат пайда болот. К. к. суунун буусун абдан тездик менен синирип алгандыктан газдар кургатууда колдонулат. Конц. К. к. (өзгөчө ысык к-та) күчтүү окистендиргич. Ал НI ж-а, НВr (НС1 эмес) эркин галогенге, көмүрдү СО2, күкүрттү SО2 чейин окистенет. К. к. металлдар менен өз ара аракеттениши анын концентрациясына жараша ар түрдүү өтөт. Суюлтулган К. к. өзүнүн иону менен суутекти окистендирет. Ошондуктан ал чыналуу катарында суутектен мурун турган металддар менен гана өз ара аракеттенишет. Мис.:

Zn+H2SO4 =ZnSO 4+H­

Конц. К. к. окистендиргич күкүрт (VI) оксиди болуп саналат жана чыңалуу катарында күмүштөн мурда турган металлды гана окистендирет. Калыбына келтирүү продуктусу металл активдүүлүгүнө жана шартка жараша (к-танын концентрациясы, темп-ра) ар түрдүү болушу мүмкүн. Активдүүлүгү начар металл менен өз ара аракеттенишкенде мис., жез м-н, к-та SО2 чейин калыбына келет:

Сu + 2Н2SO4 = СuSО4 + SО2 + 2Н2O

Активдүү металл менен аракеттенишкенде калыбына келүүнүн продуктусу SО2 же эркин күкүрт жана суутек сульфиди болушу мүмкүн, мис.,

Zn + Н2SО4 = ZnSО4 + SО2­ + 2Н2O

3Zn + 4Н2SО4 = 3ZnSО4 + S¯ + 4Н2О

4Zn + 5Н2SО4 = 4ZnSО4 + Н2S­ + 4Н2О

К. к. эки баскыч менен диссоциацияланат. Концентрациясы анчалык жогору эмес эритмеде 1-баскычында ал бүт бойдон диссоциацияланат:

Н2SО4 Н++ НSО42-

экинчи баскычында диссоциация начар жүрөт:

НSО4- Н+ +SО42-

Экинчи баскыч б-ча күкүрт к-тасынын диссоциация константасы К2 =10 -2 барабар. Эки негиздүү к-та катарында К. к. эки түрдүү тузду пайда кылат: орто жана кычкыл. К. к. орто туздары сульфаттар деп, ал эми кычкыл туздары гидросульфаттар деп аталат. К. к. көпчүлүк туздары сууда жакшы эрийт. Практикалык жактан эрибей турган туздары: ВаSО4, SnSО4, РbSО4. Кальций сульфаты СаSО4 начар эрийт. Барий эрибей турган туздары сульфат иону үчүн реактив болуп саналат. Ө. ж-нда К. к. күкүрт (IV) оксидин SО2 күкүрт (VI) оксидине чейин окистендирип, андан кийин SО3 суу менен аракеттендирүүдөн алынат. Алынган к-та концентрациясы 91- 94% чейин, ал эми тыгызд. 1,825-1,84 г/см3 жетет. К. к. хим. ө. ж. эң маанилүү продуктусу болуп саналат:

Ад.: Справочник сернокислотчика / под. ред. Малина К. М. 2 изд., М., 1971; амелин а.г., яшке Е. В. Производство серной кислоты. М., 1974.

Колдонулган адабияттар түзөтүү