Күнөө биздин жылдыздарда

"Күнөө биздин жылдыздарда" (англ. The Fault in Our Stars) — жазуучу Жон Гриндин 2012-жылдын январында басылып чыккан алтынчы романы. Аталышы Шекспирдин "Юлий Цезар" спектаклинин 1-сценасынын 2-актында ак сөөк Касий Брутага айтканынан келип чыккан. Анда Касий Брутка: "Күнөө, урматтуу Брут, биздин жылдыздарда эмес, ал биздин өзүбүздө, биздин төмөнкү катмардан экендигибизде" дейт. Окуя 16 жаштагы өсмө оорусуна чалдыккан кыз Хейзел Грэйстин атынан баяндалат. Хейзел өз ата-энеси тарабынан колдоо тобуна барууга мажбурланып, ал жерден мурдагы баскетболчу жана буту жок 17 жаштагы Август Уотерске жолугуп, аны сүйүп калат. Романга ылайыкташтырылып тартылган тасмага Жош Бун режиссерлук кылып, Шейлин Вудли, Энсел Элгорт жана Нат Вулфф тартылышкан. Кинотасма 2014-жылдын 6-июнунда жарык көргөн. Китеп дагы жана тасма дагы сынчылардын алкоосун алып, коммерциялык ийгилик жараткан.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Хэйзэл Грейс Ланкастер - романдын башкы каарманы, 16 жаштагы кыз. 12 жашында калкан безинде рак оорусу кошумча өпкөлөр метастазалары деген диагнозду алат.

Агастус Уотерс -

Айзек -

Хэйзэлдин апасы -

Хэйзэлдин атасы -

Питер Ван Хоттен -

Лидевью -

Тасмага ылайыкташтырылышы түзөтүү

20th Century Fox компаниясынын бир бөлүмү болгон Fox 2000 2012-жылдын январь айында романды тасмага ылайыкташтырып тартуу укугун алган. Скотт Нойштадтер менен Майкл Х. Вербер ылайыкташтырылган сценарийин жазышкан. Жош Бун бир жыл өткөндөн кийин, 2013-жылдын февраль айында режиссерлукка кол койгон. Вик Годфри менен Марти Боуэн тасмага продюсерлик кылышкан. Шейлин Вудли Хейзелдин, Энсел Элгорт Августтун ролдорун аткарышкан. Нат Вулфф аларды бири-бири менен тааныштырган досу Айзактын образын жаратса, Лора Дерн Хейзелдин апасынын образын аткарган. Сэм Трэммелл Хейзелдин атасы мырза Ланкастердин болуп катышкан. 2013-жылдын 29-августунда Жон Грин Майк Бирбиглия Патриктин ролун аткарат деп жар салган жана 2013-жылдын 6-сентябрында Грин Питер Ван Хаутендин ролун Уиллем Дефо аткараарын айткан.

Шилтемелер түзөтүү