Күн энергиясыКүн миллиарддаган жылдан бери ар бир секунда сайын өтө чоң энергияны нурлантып чыгарат. Бардык физикалык процесстер сыяктуу эле Күндүн нурлануусу да жаратылыштын негизги закону болгон энергиянын сакталуу жана айлануу законуна баш ийет.

Күн энергиясы.

Азыркы учурдун түшүнүгү бонча, Күндүн жана башка жылдыздардын түпкүрүндө термоядролук реакция процесси жүрөт. Бул реакциянын жүрүшүндө эң чоң энергиянын бөлүнүп чыгарылышы, бир химиялык элементтин экинчи элементке айланышынын натыйжасы болуп саналат. Күндө эң негизги элемент – суутек орун аларын жакшы билебиз. Күндүн түпкүрүнөн орун алган суутек химиялык биригүү реакциясынын негизинде гелий элементине айланып, чоң сандагы энергияны бөлүп чыгарат.

Күн – энергиянын кубаттуу булагы, энергия андан электромагниттик толкун катары рентген, ультракызгылт-көк нурлардан радиотолкундарга чейин үзгүлтүксүз чыгып турат. Бул нурлануулар күн системасындагы бардык телолорго түшүп, алардын атмосферасына таасирин тийгизет жана Жердеги жашоо-тиричиликтин болушу үчүн зарыл болгон жарыкты жана жылуулукту берет.

Күндүн нурлануу кубаттуулугу болжол менен 4•1023 КВт энергияны түзөт. Күн энергиясы атайын Күнгө ылайыкталып жасалган, объективинин фокус аралыгы өтө чоң, көп күзгүлүү Күн телескоптору аркылуу аныкталат.

Жердин Күндөн алган энергиясынын агымы болжол менен анын толук энергиясынын 1/2 000 000 000 бөлүгүнө барабар.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү