Күрпсай суу сактагычы - Нарын дарыясында энергетикалык максатта курулган. Жалал-Абад облусунун аймагында.

Күрпсай суусунун чатынан 3 км жогору жайгашкан. Уз. 40 км, жазы жери 1 км, эң терең жери 113 м, сыйымдуулугу 370 млн м3, суу толгондогу аянты 12 км2. Плотинасынын уз. 360 м, туурасы 10 м, бийикт. 113 м. Жалпы суу чыгаруу мүмкүнчүлүгү 972 м3/сек. Нарын д-нын жумалык агымын жөнгө салып турат. Суусу м-н Кырг-ндан ж-а Өзбекстандан миңдеген га жер сугарылат.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2