Күрөк буттуу моллюскалар

Күрөк буттуу моллюскалар (лат. Scaphopoda) — деңизде жашоочу раковиналуу моллюскалар классы. узундугу 1,5 ммден 15 смге чейин. Денесинин эки капталы бирдей. Буту күрөк сымал, топурак казууга ыңгайланган. Раковинасы узун, түтүк сымал, ийилген, үстүндө тешиктери бар. Башында оозу жана көп сандаган жипке окшош өсүндүлөрү болот. Алар тамак издөө жана кармоо үчүн кызмат кылат. Көзү жок. Бакалоору жөнөкөйлөнгөн же жоюлган. Кан айлануусу бутунун ыргактуу кыймылы менен ишке ашат. Булардын 2 түркүмгө, 26 урууга кирген 1000дей түрү бар. Негизинен тропик деңиздеринин түбүндө жашайт. Айрым жыныстуу. Личинкалары сүзүп жүрүп, 5—6 күндөн кийин суунун түбүнө түшөт. Топурак казып, тиричилигин өткөрөт.

Dentalium sp.

Колдонулган адабияттар түзөтүү