Көгарт (фарсыча кух – бийик жана байыркы кыргыз тиилнде арт – ашуу; бийик ашуу маанисинде) – Сузак району аркылуу аккан суу. Кара-Дарыянын оң куймасы. Узундугу 105 км, алабынын аянты 1370 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүкбатыш капталынан башталып, Көгарт өрөөнү аркылуу агат. Ири куймалары: Кызыл-Суу, Кара-Март, Үрүм-Башы, Жошо, Кара-Алма ж. б. Кар, булак жана жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 18,3 м3/сек, эң азы январда 5,43 м3/сек, эң көбү май айында 58,8 м3/сек. Суусу апрелде кирип, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Мундуз, Жоон-Күнгөй, Сузак ж. б. кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү