Көк шимүүр, көк катын (Шалфей) (лат. Salvia, L. 1753) – эрин гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагы бутактуу, бийикт. 50-60 смге жетет. Калемчедей майда топ гүлү, шыпыргыдай ири топ гүлдү түзөт, алар сабактын учунда жайгашат. Гүлдөрүнүн түсү мала кызыл, көгүш кызыл, кочкул көк. Жер жүзүндө 700 жакын түрү, Кыргызстанда 8 түрү белгилүү. Өрөөндөн тартып тоонун субальпы алкагына чейинки жерлердеги боз дөңдө, шалбаада, суу боюнда, жолдун, арыктын жээгинде, кээде аңызда өсөт. Бардык түрү эфир майлуу. Мускаттуу К. ш. деген түрүн айрым өлкөлөрдө атайын айдалат. Гүлүнөн эфир майы алынып, ал парфюмерияда, самын кайнатууда, шарап чыгаруу өнөр жайында пайдаланылат. Мускаттуу К. ш-дин жапайы түрү Кыргызстандын тоолорунда да кездешет. Дарылык К. ш. деген түрү Караколдогу дары өсүмдүктөрдү өстүрүүчү станцияда кеңири айдалып, дары өнөр-жайына киреше берип турган. Ал түр чала бадал, бийикт. 30-70 см, жалбырагы майда, анда 0,5-2,5 % эфир майы бар, эгилме өсүмдүк. Жалбырагы дары сырьёсу катары керектелип, гүлдөө алдында чогултулат. Жогорку дем алуу жолдору менен ооздун былжыр челини сезгенүүлөрүн дарылоо жана дезинфекциялоо үчүн чайкоочу препарат алынат.

Salvia pratensis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү