Көмүр кендери – өнөр-жайлык мааниге ээ болгон табигый көмүр катмарлары орун алган жерлер. Аянты 1 км2ден тартып, жүздөгөн км2ге жетет. Запасы миң, млн, кээде млрд тонна болот. Өсүмдүктөрдүн ташка айланган калдыктарынан пайда болуп, кара түстү берет. Катуу, бек, нык чөкмө тек болуп саналат. Курамында 50%ке чейин ар түрдүү минералдардын кошулмалары (кремний, алюминий, темир, кальций, натрий, калий, күкүрт, фосфор ж. б.) кездешет. Булар чөкмө тектердин арасында катмарланып жатат. Көмүр түзүлүшү, курамы боюнча 3 түргө бөлүнөт: гумустуу татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдөн пайда болгон, сапропелиттүү жөнөкөй түзүлүштөгү өсүмдүктөр менен планктондордон келип чыккан, гумус-сапропелиттүү көмүрдүн пайда болушуна жогорку жана төмөнкү даражада өсүп жетилген өсүмдүктөр кирет. Курамындагы көмүр оксиди боюнча таш көмүр, күрөң көмүр болуп ажыратылат. Пайда болушу 3 генезистик типтен турат. Геосинклиналдык типте көмүр катмарлары узатасынан созулуп жатат. Калыңдыгы 10 кмге чейин жетет. Көмүр запасы мол, түзүлүшү ар түрдүү. Катмарлар тектоникалык бүктөлүүлөргө, бузулууларга дуушар болгон. Платформалык типт е көмүр катмары жука, араң эле жүздөгөн мге жетет. Көмүр кабаттары аз, линза түрүндө болот. Метаморфизм процесси анчалык күчтүү жүрбөгөндүктөн, күрөң көмүргө өткөн. Өтмө тип геосинклиналдык жана платформалык типтердин ортосунда пайда болот. Зор аймакты ээлеп жатат. Көмүр катмарларынын калыңдыгы 1-2 кмге жетет. Астындагы кабаттар аз жана бардык жерде кездешпейт. Метаморфизм процесси бардык учурда жүргөн эмес. Ошол себептен күрөң көмүр да, таш көмүр да кездешет. Көмүр кендери кембрий мезгилинен тартып, неогенге чейинки тоо тектердин катмарларында жолугат. Энергетикалык отун, химиялык сырьё, кокс менен газ өндүрүү, сейрек кездешүүчү жана чачыранды элементтерди (германий, уран, индий, скандий ж. б.) алуу үчүн колдонулат.

Көмүр кендери (Австралия, 1919).

Ири Көмүр кендери Канада, АКШ, Германия, Кытай, Россия, Казакстан ж. б. жерлерде бар. Кыргызстанда көмүр Кара-Кече, Жыргалаң, КызылКыя, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Сүлүктү, Тегене, Алмалык ж. б. жерлерден орун алган. Борбордук Азиядагы көмүр запасынын 46%и Кыргызстанга таандык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү